Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Кыргызстандыктардын Казакстан жана Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү узартылат


Кыргызстан жарандарынын Казакстан жана Орусия аймагында каттоосуз жүрүү мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” тышкы иштер министринин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Орусия жана Казакстандын тиешелүү органдары жактырган. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети да колдоду. Эми аны өкмөт кабыл алышы керек.

“Мурда кыргызстандыктар Казакстанда беш, Орусияда жети гана күн каттоосуз жүрө алышчу. Айрым жарандарыбыз үлгүрбөй калып, көп маселелер жаралчу. Өкмөт токтомду кабыл алса, тараптар келишимге кол коет. Каттоосуз жүрүү мөөнөтү 30 күнгө узарат”, деди Сыдыков. (МТо)

XS
SM
MD
LG