Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Аида Салянова нарындыктар менен жолугушту


21-февралда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова нарындыктар менен жолукту. Нарын облустук драма театрында өткөн жолугушууга 500дөн ашык киши келгенин “Азаттыкка” Нарын шаардык мэриясынан кабарлашты.

Жолугушууда Аида Салянова “Күчтүү Кыргызстан” аттуу саясий партия түзүп жатканын кабарлап, ушул жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышарын билдирди.

"Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү башталар алдында жер-жерлерде партиянын штаб бөлүмдөрү ачылып жатат", - деди Салянова.

Аида Салянова баш прокурорлуктан кеткенден кийин журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, шайлоого баруу ниетин билдирген. Кыргызстанда 200гө чамалуу саясий партия каттоодон өткөн. (MiK)

XS
SM
MD
LG