Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Токтогул Туманов “аброюма шек келтирди” деген кине менен баш кеңсеси Жалал-Абад шаарында жайгашкан 7-каналды сотко берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат өзү билдирди.
- Телеканал Ош жана Жалал-Абад шаарындагы айрым жер тилкелери менин кийлигишүүм менен кээ бир жарандарга менчиктештирилгени жөнүндө маалымат таратты. Мен муну атайын буюртма деп эсептейм. Беделиме шек келтиргени үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылып, телеканалдан моралдык чыгым катары 30 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүндүм, - дейт Туманов.
Ал эми 7-каналдын жетекчилиги сюжет телеканалга келип түшкөн арыздардын негизинде факт менен даярдалганын, журналистиканын стандарттары сакталганын айтууда.
Камчыбек Ташиевге таандык экени айтылган 7-канал ТРКсы 2010-жылы ачылган. Учурда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарына көрсөтөт. (RsK)