Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Кумтөр боюнча парламент өкмөткө бир ай мөөнөт берди


Парламент Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүнү бүткөрүүгө өкмөткө бир ай мөөнөт берди. Бул тууралуу токтом бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынды. 4 пункттан турган токтомдо ошондой эле өкмөткө Кумтөр алтын кенин улутташтыруу вариантынын да жолдорун даярдап келүү тапшырылган. Эгерде бир айдын ичинде кыргыз өкмөтү Центерра менен орток пикирге келе албаса, анда ЖК өкмөттү отставкага кетирмекчи.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев депутаттарга өкмөт бир ай ичинде акыркы келишимди алып келүүгө даярдыгын билдирген. Эгерде орток пикир табылбаса, анда өкмөт улутташтыруу вариантын даярдап койгонун Оторбаев кошумчалады.

26-февралда Жогорку Кеңеш сүйлөшүүсү аяктай элек Кумтөр боюнча келишимди карады. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөт жетекчилери жана жооптуу кызматкерлер сүйлөшүүлөрдүн жагдайы тууралуу маалымат берди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG