Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Казакстан: сот оппозициялык журналдын арызын четке какты


Казакстандын Алматы шаардык соту ADAM bol журналынын арызын канааттандырган жок. Журнал ээси басмылманы жабуу боюнча төмөнкү баскычтагы сот чечимин жокко чыгарууну суранган. Журналдын башкы редактору мындан соң Жогорку Сотко кайрылуу боюнча чечим кабыл ала электигин билдирди.

ADAM bol журналын жабуу чечимин райондук сот былтыр декабрда кабыл алган. Басылманын каттоосу жокко чыгарылып, жаңы саны камакка алынган. Оппозициялык журналдын жабылышына 29-августтагы санына жарыяланган «Бөтөн согуштагы биздикилер» деген материал негиз болгон. Эксперттер Киевде жашаган саясий качкын Айдос Садыковдун маегин агитация жана согушка үндөө деп табышкан. Мындан соң редактору Гулжан Ергалиева 18 күн ачкачылык жарыялаган.

XS
SM
MD
LG