Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Жалал-Абадда эки ай ичинде өзгөчө кырдаалдан 5 адам каза тапты


Облус аймагында быйыл ушул күнгө чейин 26 жолу өзгөчө кырдаал катталып, анын натыйжасында 5 адам каза тапкан. Мындай маалымат бүгүн өкмөттүн облустагы ыйгарымдуу өкүлүнүн катышуусунда сел ташкындарын алдын алуу үчүн жүрүп жаткан иш мерчемдер боюнча өткөн жыйында айтылды. Катталган өзгөчө кырдаалдардын ичинен 23 кар көчкү, 1 сууга чөгүү, социалдык-биологиялык мүнөздөгү 2 кырсык орун берген.

Облус жетекчиси Жумагүл Эгембердиева алыскы район-шаарлардагы өзгөчө кырдаалдардын абалы боюнча телебайланыш аркылуу аким-мэрлер менен байланышып, сел жүрүү коркунучу бар аймактардын абалын талкуулады.

Кыргызстанда болгон өзгөчө кырдаалдардын 60%ы Жалал-Абад облусунда катталат. (RsK)

XS
SM
MD
LG