Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Журналист Сартбаев камакка алынды


Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен айыпталган журналист Аслан Сартбаев Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Чечимди 26-февраль күнү Октябрь райондук соту чыгарды.

24-февралда ишкер менен журналист чырлашып кетип Сартбаев ага ок чыгарганы маалымдалган. Буга Четимбаевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу макала интернет булактарына жарыяланганы себеп болгон. Эртеси күнү ишкер Самсалы Четимбаев журналист Арслан Сартбаев андан кечирим сураганына байланыштуу милициядан арызын кайра кайтарып алган болчу.

Сартбаев аны каралап жашыруун ат менен макала жазганын моюнуна алганы тууралуу кат журналисттин кол тамгасы менен интернетке жарыяланган. Анда далилденбеген фактылар да пайдаланылганы айтылат.

Азырынча Сартбаевдин өзү же жакындары буга комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG