Жогорку чыңалуудагы электр зымдарына муз тоңуп үзүлүп калгандыктан кечээ кечинде Оштун Алай районунда, бүгүн эртең менен Чоң-Алай районунда электр энергиясы өчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, учурда окуя болгон жерлерде адистер иштеп жатат.
Бул күндөрү бийик тоолуу райондордо түнкүсүн абанын температурасы -20 градуска чейин төмөндөөдө. (RK)