Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Таласта экстремизмге шектүүлөрдүн үйү тинтүүгө алынды


Талас шаарынын 39 жаштагы тургунунун үйүнөн экстремисттик деп шектелген адабияттар жана аудио-видео материалдар табылды.

Тинтүү иштерин “Экстремист” деп аталган атайын рейддин жүрүшүндө, ыкчам маалыматтарга таянып облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 25-февралда жүргүзгөн. Ошондой эле 33 жаштагы дагы бир тургундун үйүнөн кыргыз, казак, араб, англис жана орус тилдеринде жазылган диний китептер, таратма баракчалар табылган.

Алынган буюмдар экспертизага жөнөтүлдү. Эгер алар радикал маанайда экени аныкталса, үй ээлери камакка алынарын облустук милициядан “Азаттыкка” билдиришти.

УКМК кызматкерлери 24-февраль күнү Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн текшерүү учурунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү үч мүчөсү кармалганын билдирген.

Ушул күндөрү экстремизмге каршы күрөшүү багытында бардык аймактарда издөө-иликтөө иштери күчөтүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG