Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:53

Путин: Немцовду өлтүргөндөр жазаланат


Орус президенти Владимир Путин Немцовду өлтүрүүгө буйрук бергендер жана аны аткаргандар жазасын алышы үчүн мүмкүн болгон бардык аракеттер жасаларын билдирди.

Ал мындай оюн маркумдун энеси Дина Эйдманга жөнөткөн көңүл айтуу катында жазган. Путин Борис Немцов саясаттагы жана коом алдындагы иши үчүн тарыхка из калтырганын, өткөөл мезгилдерде маанилүү кызматтарда иштеп, позициясын так билдирген саясатчы болгонун айтып эскерди.

Оппозиция жана укук коргоочулар Немцовдун өлүмүнө бийликти күнөөлөп жатат. Орус бийлиги болсо саясатчынын өлүмү Кремлге каршы чагым катары уюштурулган буйрутма экенин айтууда.

Ишембиге караган түнү Москванын борборунда оппозициялык саясатчы, мурдагы вице-премьер-министр 55 жаштагы Борис Немцовду атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG