Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Тажикстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Добуш бер\\
Добуш бер\\

Шайлоого келгендердин саны жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат 12де 48,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Президент Эмомали Рахмон саат 10:30да борбор калаадагы №15 шайлооканада добуш берди. Бирок коопсуздук кызматтары көз карандысыз жана чет элдик журналисттерге Рахмондун добуш берүүсүн чагылдырууга уруксат берген жок.

Бүгүн тажик парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо өтүп жатат. Анда 63 депутаттык мандатка 300гө жакын талапкер ат салышууда. Эксперттер шайлоодо президент Эмомали Рахмондун демократиялык партиясы жеңерин боолгоп жатышат. Президент партиясынын негизги атаандашы болуп "Ислам кайра жаралуу" партиясы саналат, ал мурунку совет өлкөлөрүндө расмий катталган жалгыз диний партия.

Мындан сырткары социал-демократтар да өздөрүн оппозиция санашат. Калган партиялар конструктивдүү оппозиция экенин айтканы менен иш жүзүндө Рахмонду колдоп келишет.

Батыш байкоочуларынын баамында, Эмомали Рахмон бийликте турган 1994-жылдан бери парламентке таза шайлоо өтө элек. Алардын айтымында, шайлоо бийликтин басымы алдында жана калган партиялар үчүн калыс эмес шарттарда өткөрүлөт.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасына 63 депутат шайланат. Анын 41и бир мандаттуу шайлоо округдарынан жана 22си партиялык тизме боюнча тандалат.

XS
SM
MD
LG