Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Рак оорулуу балдар үчүн жармаӊке өтөт


7-март күнү "Бишкек парк" соода борборунда Кыргызстандагы рак оорусу менен жабыркаган балдар үчүн кайрымдуулук жармаӊкеси өтөт. Аны “Жардамдашуу оӊой” кайрымдуулук фонду уюштуруп жатат. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Динара Аляева “Азаттыкка” билдирди.

“8-мартка карата уюштуруп жаткан жармаӊке рак менен ооруган балдар үчүн өткөрүлүп жаткан үчүнчү ири иш-чарабыз. Мындан мурда да эки ирет атайын жармаӊке уюштуруп, андан түшкөн каражатка Улуттук онкологиялык борбордун балдар бөлүмүндө дарыланып жаткан наристелерге дары-дармек алып бергенбиз”, - деди Динара Аляева. (BCh)

XS
SM
MD
LG