Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Бишкекте Мамлекеттик туу күнү белгиленет


Бүгүн Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” багында борбор калаада окуп жаткан студенттер жана жаштар чогулуп, Кыргызстандын Мамлекеттик туусу кабыл алынганынын 23 жылдыгын белгилешет. Алар акцияга улуттук баш кийим кийип, колдоруна желек кармап чыгарын “Азаттыкка” иш-чараны уюштуруп жаткан Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын туусу тууралуу мыйзам 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Анын авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Туунун кызыл түсү эрдиктин жана тайманбастыктын символу, ортосундагы күндүн элеси бейпилдик жана байлыкты чагылдырат. Ал эми күн нурунун ичиндеги түндүк - үй кутунун символу. Кырк нур - байыркы кырк уруунун биримдиги. (SE)

XS
SM
MD
LG