Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Керри Лавровго Орусияга жаңы санкциялар киргизилерин эскертти


Жон Керри
Жон Керри

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Украина чыгышында тынчтык орнотуу максатындагы ок атышпоо келишими аткарылбаса Орусияга каршы жаңы санкциялар киргизилерин эскертти.

БУУнун Адам укуктары кеңешинин жыйынына барган учурда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен күн тартибинен сырткары жолугушкан Керри келишимдин шарттары “алдыдагы күндөрдө эмес, алдыдагы сааттарда ишке ашышына үмүт этерин” белгиледи.

Келишим күчүнө киргенден бери Донбасста тынчтык өкүм сүрүп жатканы менен кырдаал туруксуз экенин украин аскерлери белгилеп келүүдө. Алардын айтымында, жикчилер бул убакытта жаңы соккуларды ишке ашырууга күч топтоп жаткан болушу мүмкүн.

Германия, Франция, Украина жана Орусия жетекчилери 12-февралда Минскте Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, 15-февралда түн ортосунан тарта ок атуу токтотулуп, үч апта аралыгында аймактагы оор техниканы чыгаруу каралган.

2014-жылдын апрелинен бери уланып жаткан согушта Украинанын чыгышында каза тапкандардын саны 6 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG