Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Кыргыз гезиттеринде орусча жарнамага тыюу салынат


Парламенттин Билим берүү, илим жана маданият боюнча комитети жарнама тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Депутат Өмүрбек Текебаев демилгелеп жаткан өзгөртүүгө ылайык, жарнама гезит-журнал чыккан тилде гана берилет. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса басылмалар мурдагыдай эки тилде жарнама баса албайт.

- Айрым аткаминерлер жарнама тууралуу азыркы мыйзамга таянып алып, кыргыз тилдүү гезиттерге орусча да жарнама басасыңар деп талап кылып жатат. Бул туура эмес. Бир эле жарнаманын эки тилде басылышы гезит бетин жөн эле толтуруп жатат. Жарнама гезит кайсы тилде чыкса ошол тилде гана басылышы керек, - деди Текебаев.

Мыйзам мамлекеттик тилдин макамын көтөрүүну көздөйт. Жарнама боюнча азыркы мыйзамга ылайык, жарнама гезит-журналдын чыккан тилине карабай эки тилде басылып келет. Ошентип аталган мыйзам долбоору экинчи окууда колдоо тапты. (UEz)

XS
SM
MD
LG