Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

ДБ Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө 24 млн. доллар бөлөт


Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин айтымында, Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энерго тармагын өнүктүрүүгө 24 млн. доллар бөлүүнү караштырууда. Анын 10,8 млн. доллары грантык каражат, ал эми 13 млн. доллары жеӊилдетилген насыя болмокчу. Насыя 36 жылдык мөөнөткө берилип, анын алгачкы 8 жылы - жеӊилдетилген мөөнөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтылганын парламенттин басма сөз кыматы кабарлады. Аталган комитетте кечээ Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Энергетикалык секторду өнүктүрүү саясатын колдоо операциялары» программасы боюнча каржылоо жөнүндөгү макулдашуунун долбоору каралып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG