Жумушчулар партиясынын өлкөдөгү аткаминерлерди люстрациялоону талап кылган митинги үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Замир Парманкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, милиция 30га жакын акция катышуучуларын кууп тараткан.
- Милиция биздин конституциялык укугубузду бузду. Бизди бийлик куугунтуктап жатат. Партиянын мүчөлөрү болуп коррупцияга малынган чиновниктерди кызматтан кетирүү талабы менен чыкканбыз, - деди Парманкулов.
Милиция алар митинг өткөрүүгө уруксат албаганын жүйө келтирүүдө. (UEz)