Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Меркел “нормандиялык төрттүктүн” лидерлерин Берлинге чакырды


Германиянын канцлери Ангела Меркел Франция, Украина жана Орусиянын лидерлерин Донбасстагы абалды талкуулоо үчүн 6-мартта Берлинде жолугууга чакырды. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги немис канцлеринин маалымат кызматына шилтеме берип жазып чыкты. Ага чейин дүйшөмбүдө “нормандиялык төрттүктүн” лидерлери телефон аркылуу Украинадагы абалды талкуулашкан. Анда ок атууну токтотуу боюнча келишим бузулган он аймакка ЕККУнун байкоочуларын жайгаштырууну макулдашкан. Ага ылайык, байкоочулар Счастье, Попас, Станица Луганск, Крымск, Авдеевка, Волноваха, Гранитное, Луганское, Широкино жана Донецк аэропортунун айланасына жайгаштырылмакчы. Байкоочулар 12-февралда Минскте жетишилген ок атууну токотуу жана оор техникаларды майдан тилкесинен чыгаруу боюнча келишимдин аткарылышына көзөмөл жүргүзмөкчү.

2-мартта АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Украина чыгышындагы ок атууну токтотуу боюнча келишим аткарылбаса, Батыш Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизерин эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG