Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Нетаньяху Конгрессте Иранды душман деп атады


Нетаньяху АКШ Конгрессинде. 3-март, 2015-жыл.
Нетаньяху АКШ Конгрессинде. 3-март, 2015-жыл.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран бийликтери Израил гана эмес, АКШнын душманы бойдон каларын билдирди. Бул тууралуу ал АКШ Конгрессинде сүйлөп жатып айтты. Анын билдиришинче, Вашингтон Ирандын өзөктүк программасын улантууга жол бербеши керек.

Нетаньяху Ирандын өзөктүк программасын толугу менен токтотмойун, кандай гана келишим кабыл алынбасын, анын кесепети кооптуу болорун айтууда.

Буга чейин Барак Обама Израил лидеринин мындай позициясы менен макул эместигин билдирген. “Иран өзөктүк программасынын көптөгөн элементтеринен баш тартканын көрдүк” деген АКШ президенти бул келишимди колдорун шардана кылган.

АКШ баштаган дүйнөдөгү алты ири өлкө Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишүү үчүн сүйлөшүү өткөрүп жатат. Ага ылайык, Иран талаштуу өзөктүк программасын көзөмөл астында чектөөгө макул болсо, Батыш ага каршы киргизилген экономикалык санкцияларды жоюшу керек.

XS
SM
MD
LG