Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Быйыл жалпы тестирлөөдөн өзбек тили биротоло алып салынды


Ош мамлекеттик университети.
Ош мамлекеттик университети.

Быйыл Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөөдөн өзбек тили биротоло алып салынды.

Окуучулар кыргыз же орус тилинде гана тест тапшырат. Өткөн жылы да ушундай токтом чыккан болчу. Бирок атайын арыз жазган окуучуларга өзбек тилинде сынак тапшырууга уруксат берилген. Быйыл андай жеңилдик каралбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынара Батыракеева билдирди.

- Өткөн жылы Билим берүү жана илим министрлигинин кайрылуусу боюнча атайын арыз жазган окуучулардан өзбек тилинде тест алганбыз. Болгону 49 бала тапшырган. Ошондуктан быйыл тестирлөөдөн өзбек тили биротоло алып салынды.

Өткөн жылкы малыматтар боюнча, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 91 мектепте окутуу өзбек тилинде жүргүзүлөт. 132 мектеп окуучуларга кыргыз-өзбек жана орус-өзбек тилдеринде билим берет. Окуучуларга жумасына эки жолу “Кыргыз тили” сабагы кирет.

Жалпы тестирлөө өнөктүгү 14 жылдан бери жүргүзүлөт. Аны Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өткөрөт.

Учурда тестирлөөгө каттоо башталды. Окуучулардын билимин баалоо 18-майдан 23-майга чейин эки баскычта өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG