Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

АКШ армиясы: Чыгыш Украинада 12 миңдей орус аскери бар


АКШ армиясынын болжолунда, Украинанын чыгышындагы москвачыл жикчилдердин катарында 12 миңдей орус аскери согушуп жатат.

АКШ армиясынын Европадагы кол башчысы Бен Ходжестин айтымында, орусиялык куралдуу күчтөр негизинен согуштук кеңеш берүү жана согуштук техниканы иштетүү менен катар, согуштук аракеттерге да тартылган.

Ходжестин сөзү боюнча, былтыр Москва Украинадан тартып алган Крымда 30 миңге чукул орус аскери турат. Орусия украин жикчилдерине жардам берген жокпуз деп келет. Ходжес «Украина чалгын маалыматтар менен катар «орус танкын токтото ала турган дараметке муктаж» деди. АКШ бийликтери Украинага курал берүү маселесин чече элек жана Ходжес Вашингтон мурдагыдай эле жаңжалдын дипломатиялык жол менен чечилишин колдой тургандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG