Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Сахароводогу миграциялык борбор күнү-түнү иштейт


Сахароводогу миграциялык борбор
Сахароводогу миграциялык борбор

Москва четиндеги Сахарово айылындагы көп функционалдуу миграциялык борбор мындан ары күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу аталган мекеме тараткан билдирүүдө айтылат. Маалыматка ылайык, миграциялык борбор күнүнө 1,5 миндей кишинин документин кабыл алат.

Мындан мурдараак Кыргызстандын элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине бул борбордун ишин көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен нота жиберген. Буга аталган жайдагы 3 миңден ашуун мигранттын 5 саатка чейин кезек күтүшү себеп болгон.

Сахароводогу миграциялык борбор ушул жылдын 12-январынан тарта ишке кирген. Бул жерде Орусияда иштөөнү каалаган чет элдик жарандар патент алууга бардык керектүү документтерди тапшыра алышат. (LzT)

XS
SM
MD
LG