Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Депутат бардык мекемелердин ашканаларын текшерүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин отурумунда КСДП фракциясынан депутат Эркин Сакебаев кыргыз-түрк "Себат" лицейиндеги жапырт уулануудан кийин бардык мекемелердеги ашканаларды текшерип чыгууну сунуштады.

Сакебаевдин айтымында, комиссия лицейди текшерген маалда ашканадагы санитардык-гигиеналык абалы канааттандырарлык эмес болуп чыккан жана санитардык нормалардын талаптары бузулган.

"Лицейдин директоруна мекеменин ишин токтото туруу жөнүндө токтом берилген. Иш шаардык прокуратурага өткөрүлүп берилди", - деди депутат.

20-февралда Токмоктогу кыргыз-түрк "Себат" лицейинде окуучулардын жапырт уулануусу катталган. Эртең мененки тамактануудан кийин 57 бала медициналык жардам сурап кайрылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG