Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Орусиянын "кара тизмесиндеги" мигранттарга мунапыс берүү сунушталды


Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Орусиянын "кара тизмесине" кирип, иштегени кете албай жаткан мигранттардын маселесин көтөрдү. Депутат 2014-жылы тизмеге 100 миңден ашык мигрант кирип калганын, аларга 5 жыл Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганын белгилеп, "ушул жылы тизмеге киргендердин саны 300 миңге жете турган болсо, өкмөт өз жарандарын иш менен камсыздай алабы?" - деп суроо узатты.

Депутат тизмеге кирген мигранттар паспортторун алмаштырып, чек арадан өткөндө кылмышкер болуп калганын айтып, мындан улам "кара тизмеге" киргендерге мунапыс колдонууну сунуштады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG