Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


Шашылыш билдирүү

8-10-11-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо катуу жаайт. 9-мартта кээ бир райондордо жаан-чачын күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. 10-11-мартта абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, суук, күндүз 2° сууктан… 3° жылуулука чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4...9° суук, күндүз 2° сууктан… 3° жылуулука чейин, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 12...17° суук, күндүз 1…6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн 15…20° суук, күндүз 5…10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 20…25° суук, күндүз 8…13° суук болушу күтүлөт.

7-мартта жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талаc, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…2, күндүз 7…12,

Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7,

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...4,

Бийик тоолуу райондордо -18...-23, күндүз -4...-9 градус болот.

7-мартта Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1...3° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 9...11° жылуу болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG