Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Казакстан: генерал Жоламанов 11 жылга кесилди


Казакстандын чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Нурлан Жоламанов 11 жылга кесилди. Мындай чечимди Астанада аскердик сот кабыл алды. Сот чечимине ылайык, Жоламанов генерал-лейтенант деген аскердик чинден жана мурда ыйгарылган “Даңк” орденинен ажыратылды.

Жоламанов ага каршы козголгон кылмыш ишин жасалма, саясий буюртма деп атап, айыптарды четке кагып келген. Экс-төрагага пара алуу, кылмыш тобун уюштуруу жана аны жетектөө беренелери боюнча айып тагылган болчу. Жоламанов өткөн жылы октябрда коррупциялык кылмышка шектелип камакка алынган.

XS
SM
MD
LG