Бүгүн эртең мененки саат 10го жакын катуу шамалдын айынан Баткен районунда эки мектеп жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Ак-Татыр айылындагы Т.Садыков орто мектебинин чатырынан шамал 20 даана шиферди учуруп кетти.
Ошондой эле Карабак айылындагы Б.Нарматов атындагы орто мектептин спортзалынын чатырын тактайлары менен кошо учуруп кетти. (RK)