Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Энергетика боюнча адистердин курултайы өтүүдө


Бул тууралуу "Азаттыкка" “Түндүкэлектр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев билдирди.

Анын айтымында, адистер энергетика тармагындагы курч көйгөйлөрдү, Токтогул суу сактагычында суунун азайышын талкуулап, бул маселелерди чечүү жолдорун издешүүдө.

Кыргызстан өткөн жылдан бери энергетикалык каатчылыкты башынан өткөрүүдө. Күн жылый баштаганы менен Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү азыр 6,5 миллиард куб метрди түзүп, кызыл чекке жакындап турат. Өкмөт өкүлдөрү күзгө чейин кырдаал калыбына келет деп ишендирүүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG