Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Накен Касиев кызматынан бошотулду


Накен Касиев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Мындай чечим Касиевдин арызынан кийин кабыл алынган.

Касиев "Акипресс" маалымат агенттигине курган маегинде, кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышына жаш курагы себеп болгонун айткан. Учурда анын милдеттерин агенттиктин статс-катчысы Санжар Икрамов аткарууда.

Накен Касиев ЖӨБЭММАнын директору болуп туура эки жыл мурда дайындалган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG