Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Төө-Ашуу: жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди


Катуу бороондон улам Бишкек-Ош жолунун 127-чакырымында жүк ташуучу унаалардын айынан тыгын пайда болду. Учурда МАИ кызматкерлери тыгынды ачуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Буга байланыштуу Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.

- Жеңил машиналар өтүп жатат. Бирок тыгын бар. Тыгынды жүк ташуучу машинелер пайда кылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG