Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди


Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматкери Элмира Шерипова билдирди. Анын айтымында, Бишкектен Ош тарапка жөнөгөн оор унааларга Сосновка бекетинде чектөө киргизилди. Ал эми Оштон Бишкекке жол тарткан жүк ташуучу унааларга ушундай эле чектөө Кара-Көл аймагында киргизилген. Бирок жеңил унаалар үчүн эки тарапка чектөө жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катаал аба ырайына байланыштуу айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү узак жолго чыкпай турууга чакырат.

XS
SM
MD
LG