Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Окуучулар Ошко уча албай жатышат


“Эйр Бишкек” авиакомпаниясы Бишкек-Ош аба каттамынын кезектеги рейсин токтотуп койгондуктан, республикалык Олимпиадага катышкан окуучулар Ошко кайта албай, “Манас” аэропортунда калышууда.

Окуучуларды коштоп жүргөн мугалимдердин айткандарына караганда авиакомпаниянын өкүлү жол кире үчүн төлөнгөн акыны Бишкек кеңсеси кайтарарын айтып, жүргүнчүлөрдүн кошумча чыгымдарын ким төлөрүнө жооп берген жок. Олимпиада катышуучулары Бишкекке кайтып келгенде жатаар жери да жоктугун айтып жатышат.

“Эйр Бишкек” авиакомпаниясы рейстин үзгүлтүккө учурашын аба ырайынын начардыгынан улам Оштон тиешелүү учактын Бишкекке келбей калышы менен түшүндүрдү. Авиакомпаниянын өкүлүнүн айтканына караганда, жүргүнчүлөрдү башка учактарга жайгаштырып, батпагандарына жол кире акылары кайтарылып берилет. “Бишкектен Ошко учактар кечки саат алтыдан кийин уча башташы мүмкүн” деди “Эйр Бишкек” компаниясынын өкүлү.

Бишкектен Ошко самолет учпай жаткандыгын ушу тапта "Манас" аба бекетинде турган “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова да кабарлады.

"Биз да семинар өткөрүш үчүн убакытты белгилеп, күч органдарынын кызматкерлерин чогултуп койгонбуз. Билетиңерди тапшыргыла, эки күндөн кийин учасыңар деп жатышат” деди Азиза Абдирасулова.

Бул боюнча аэропорт жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Айрым маалыматтарга караганда, аба каттамынын үзгүлтүккө учурашы бүгүн эртең менен “Эйр Манас” компаниясына таандык учактын учуу тилкесинен чыгып, ылайга токтоп калганына байланыштуу.

Бүгүн эртең менен тогуздар чамасында “Эйр Манас” авиакомпаниясына таандык, Бишкектен учуп барган учак Ош аэропортуна конгон учурда аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу тилкеден чыгып кеткен.

Ош аба бекетиндегилердин айтымында, тилкеден чыгып кеткен учак коопсуз жайга качан алынары белгисиз. (МТо)

XS
SM
MD
LG