Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 31-мартка караган түнү Ысык-Көл районуна караштуу Кара-Ой айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, үй ээлери И.Д Шнюк жана аялы И.Массы түтүнгө ууланып каза тапкан. Алардын сөөгүн тез жардам кызматы Чолпон-Атанын өлүкканасына жеткирген. ушул эле күнү Жети-Өгүз районунун Талды-Булак айылында кашарда турак үй күйүп, жыйынтыгында Ниязбек Чыныбековдун күйгөн денеси табылган. Анын сөөгү туугандарына берилди. Ушул тапта өрттүн себептери такталууда. (AzK)