Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Парламент комитети баш прокурордун жылдык отчетун жетишсиз деп тапты


Парламенттеги мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети бүгүн башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жылдык отчетун укту.

Комитет мүчөлөрү Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышы, өзүнчө Тергөө комитетин түзүүнүн максаттуулугу, прокуратура органдарындагы коррупция, чуулгандуу иштерди иликтөөдө кош стандартты пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү, Кылмыш кодексиндеги коррупцияга байланыштуу 303-беренени өзгөртүү зарылдыгы туурасында баш прокурорго суроолорду беришти.

Жыйынтыгында алар Баш прокурордун жылдык отчетун жетишсиз деп таап, бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алышты.

Баш прокурордун отчетуна ылайык, 2014-жыл ичинде жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлерине карата 100дөн ашык кылмыш иши ачылган. Мындан тышкары укук коргоо кызматкерлерине карата 140, социалдык тармактагы иштеген кызматкерлерге карата 17, коррупциялык көрүнүштөр боюнча 12 кылмыш иши козголгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG