Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

“Кыргызалтын” Жерүй боюнча сынакка өзүнүн инвестору менен катышууда


Бул туурасында “Азаттыкка” “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, эгер ишкана сынактан утуп чыкса, анда алтын кенин чет элдик инвестордун көмөгү менен иштетет.

Конкурстун экинчи туру 28-апрелде болот. Ага биринчи турдан өткөн “Алдан золото ГРК”, “Восток-геологодобыча”жана “Кыргызалтын” ишканалары катышат.

Алар 27-апрелге чейин кенди иштетүү боюнча өздөрүнүн сунуштарын, программаларын бериши керек.

Өкмөт өткөн жылы да Жерүйдү сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Анда кендин баштапкы баасы 300 миллион доллар деп бааланган болчу. Ушул тапта баштапкы баа 100 миллион доллар.

Жерүй - Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле ири алтын кени. Ал жерде болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (AzK)

XS
SM
MD
LG