Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Парламентте Жаштар министрлигинин зарылдыгы тууралуу сөз козголду


Жогорку Кеңеште мамлекеттик жаштар саясаты боюнча жаңы мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда айрым депутаттар бул министрликтин аш-тойлорду өткөрүү менен гана чектелген саясатын сынга алышты.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Талантбек Узакбаев бүгүнкү күндө бул структура жаштарды окуусун бүткөн соң жумуш менен камсыздоо, алардын социалдык маселелерин чечүү, чет мамлекеттерден бүтүп келген мыкты адистерге көңүл буруу жаатында эч кандай аракеттер сезилбей жатканын билдирди.

Парламентарийлер бул мыйзам долбоору кабыл алынган күндө да ал жаштардын чыныгы көйгөлөрүн чечет деп ишенүү кыйын экенин билдирүүдө.

Жаштар министрлиги 2010-жылкы ыңкылаптан кийин түзүлгөн. Ошол учурда айрым укук коргоочулар саясатка умтулган жаштардын көңүлүн жайгаруу үчүн эле Жаштар министрлигин түптөөнүн кажети жоктугун белгилеген. (AzK)

XS
SM
MD
LG