Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Президент “Вечерний Бишкектин” кайрылуусу боюнча тапшырма берди


Президент Алмазбек Атамбаев 18-апрелде башкы прокурор Индира Жолдубаева менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинини төрагасы Бусурманкул Табалдиевге “Вечерний Бишкек” гезитинин жамаатынын кайрылуусунда айтылган айыптоолорду тыкыр текшерип, анын ичинде зарыл болгон экспертизаларды жүргүзүү жана күнөөкөрлөрдү статусуна карабай жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди. Мындан тышкары аларга коомго объективдүү маалыматты жеткирүү милдети жүктөлдү.

“Вечерний Бишкек” басылмасынын жамааты президентке жолдогон катында басылманын тегерегиндеги соңку жагдайды кооптуу көрүнүш катары сыпатташкан.

“Бүгүн Акаев, Бакиев тушундагыдай башкаруу режими калыптанууда. Эгер Акаевдин убагында бардык ишти анын күйөө баласы Адил жана уулу Айдар, Бакиевдин тушунда Максим менен иниси Жаныш башкарып келсе, азыр бардык мамлекеттик иштерде сиздин мурдагы айдоочуңуз Икрамжан Илмиянов, мурдагы жансакчы Эркин Мамбеталиев турат”, - деп жазылган ачык катта.

Мындан сырткары Жогорку Сот жогору жактын айтканын аткарганы, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовго маалыматтык ресурс, аты аталган эки адамга акча керектиги жазылган. Буга байланыштуу басылманын жамааты Орусия, Казакстан, Беларус президенттери Влидимир Путин, Нурсултан Назарбаев, Александр Лукашенкого кайрылары белгиленген.

Биринчи май райондук соту өз чечими менен “Рубикон” жарнама бөлүмүнүн элүү пайыз акциясы бизге таандык деп эсептеген Александр Рябушкиндердин үй-бүлөсүнүн арызын канааттандырып берген болчу. Кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Гезиттин жамааты Рябушкиндин артында Фарид Ниязов турат деп шектенип жатышат. Фарид Ниязов “Вечерний Бишкектин” айыптоосун четке кагып келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG