Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Кытайда журналист жана укук коргоочу Гао Ю соттолду


Кытайда сөз эркиндигине кошкон салымы үчүн Гильермо Кано атындагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк премиясынын ээси, журналист аял Гао Ю соттолду. 71 жаштагы журналист "мамлекеттик сырды ачты" деп айыпталып, түзөтүүчү колонияга жети жылга эркинен ажыратылды.

Мамлекеттик сыр саналган “9-номурлуу документ” Кытай Компартиясы тарабынан массалык маалымат каражаттарын жана интернетти көзөмөлдөө боюнча принцип, методдорду аныктаган жашыруун инструкция болуп саналат. Бул документ АКШда жайгашкан кытай оппозициялык сайттарынын биринде пайда болгон. Атайын кызматтар аталган документ Гао Юнун колуна түшүп, андан ары чет мамлекетке берилген деп эсептешет.

Журналист 2014-жылы кармалган. Кытай телевидениесинде диссидент аял бардык күнөөнү мойнуна алып жатканы тууралуу сюжет көрсөтүлгөн. Бирок сотто Гао Ю өз күнөөсүн четке кагып, аны камерага коркутуу жолу менен күнөөнү мойнуна алдырып сүйлөтүшкөнүн билдирди. Ал өкүм боюнча доо арыз жазарын белгиледи.

Гао Ю “Немис толкуну” жана америкалык “Эркин Азия” радиолорунда иштеген. Ал 2000-жылы 20-кылымда журналисттик эркиндик үчүн күрөшкөн 50 адамдын тизмесине кирген. Тизмени Эл аралык пресса институту түзгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG