Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

"Вечерний Бишкектин" журналисттери түшүнүк кат жазышты


"Вечерний Бишкек" басылмасынын кабарчысы Николай Пихота Фейсбуктагы баракчасына Улуттук коопсуздук кызматынын эки кызматкери үйүнө келип, 3 саат бою гезитке чыккан кайрылууга байланыштуу түшүнүк кат жазганын маалымдады.

Анын айтымында, ушундай эле түшүнүк катты гезиттин журналисттери Дина Маслова, башкы редактор Геннадий Кузьмин жана башкы директор Александр Ким жазды.

“Вечерний Бишкек” басылмасынын жамааты президентке жолдогон катында басылманын тегерегиндеги соңку жагдайды кооптуу көрүнүш катары сыпатташкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG