Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Өзгөндөгү окуя боюнча айыпталган Амановдун баш коргоо чарасы каралат


Эртең сот Өзгөндөгү ишкерди опузалоого шектүү делген Абдисалам Амановдун камактагы мөөнөтүн карайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Талант Үмөталиев билдирди. Анын айтымында, алар соттон Амановдун камактагы мөөнөтүн узартууну өтүнөт. "Бирок сот кандай чечим кабыл алары белгисиз. Мамлекеттик айыптоо аны камакта дагы кармоону соттон өтүнөт" деди Талант Үмөталиев.

Өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевди опузалоого шектүү катары Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге издөө жарыяланганда, анын “оң колу” катары таанымал болгон Абдисалам Амановду да милиция издей баштаган. Январь айынын орто чендеринде Аманов кармалып, Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле. Сурак учурунда ал кылмышын мойнуна алганын күч органдары кабарлашкан. Бирок туугандары “милиция уруп-сабап, күнөөнү мойнуна илип жатканын” айтып чыккан.

Куршабдык ишкер Сактан Келдибаевдин атасы 2014-жылдын 30-августунда түндө алардын үйүнө беткапчан куралдуу төрт адам кирип келип, 10 миң долларды жана эки уюлдук телефонун тартып алганын айтып, арыз жазган. Жабырланган Келдибаевдер беткапчан адамдарды Канжар Кадыралиевдин кылмыштуу тобу деп сыпатташкан. Алардын башында “Сашка” деген каймана ат менен таанымал Абдисалам Аманов турганын, алар Кадыралиевдин буйругу менен ушул кылмышка барганын да Келдибаевдер айтып чыгышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге 2014-жылдын күзүндө бейбаштык, опузалоо жана өз билемдик беренелери боюнча кылмыш иш козголуп, ал Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошотулган. Андан бери кайда экени белгисиз болуп, Интерпол аркылуу да изделип жаткан. 26-мартта ден соолугуна байланыштуу өз эрки менен прокуратурага келген. Эки апта мурда Бишкек шаардык соту Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган. Кадыралиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (ZMa)

XS
SM
MD
LG