Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Аба ырайы: жамгыр жаашы мүмкүн


20-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,

Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +12...+17,

Баткен облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +13...+18,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +14...+19,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +3...+8, күндүз +8...+13,

Нарын облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13,

Бийик тоолуу райондордо -8...-13, күндүз -2...+3 градус болот.

20-апрелде Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +15…+17 градус болот. (ZMa)

XS
SM
MD
LG