Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Казакстанда жол кырсыгынан кыргызстандыктар каза тапты


Бүгүн Казакстандын Алматы-Екатеринбург жолунда болгон кырсыктан 15 киши каза таап, дагы беш киши ооруканага жеткирилди. Каза болгондордун алтоо жана жаракат алгандардын бешөө Кыргызстандын жараны экени тастыкталды. Денеси таанылгыс болуп күйүп кеткен дагы сегиз киши кайсы өлкөнүн жарандары болгондугу такталууда. Бирок алар да Кыргызстандын жараны болушу мүмкүн деген божомол бар. Каза болгондордун бирөө Казакстандын жараны экени тастыкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов кабарлады.

Кырсык бүгүн эртең менен 10дор чамасында Жамбыл облусунун Моюнкум районунда орун алган. Анда «Газель-2705» жана «Мерседес-Бенс Спринтер» үлгүсүндөгү машинелер кагышкан.

Кырсык болгон жерден каза тапкандар:

1) Оринбаев Аббас, 2008-жылы төрөлгөн

2) Оринбаев Аброриддин, 2006-жылы төрөлгөн

3) Оринбаева Хадичахон, 2003-жылы төрөлгөн

4) Оринбаева Гавхарай, 1981-жылы төрөлгөн

5) Оринбаева Мавжуда Хамидовна, 1953-жылы төрөлгөн

6) Эрашиев Абдисамат Токтасинович, 1974 -жылы төрөлгөн

Караганда облусуна караштуу Приозерск шаарындагы ооруканага жеткирилгендер:

1) Токтарбаев Темирлан, 1971-жылы төрөлгөн

2) Сайкоев Максатбек, 1985 -жылы төрөлгөн

3) Сейтбеков Тайырбек, 1971 -жылы төрөлгөн

4) Даурешов Рустамбек

5) Мейрамбек Самат, 1993-жылы төрөлгөн

Абдышарип Бекилов 0770 88-00-19 телефон номерине чалып, толук маалымат алууга болорун айтты. (ZMa)

XS
SM
MD
LG