Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Журналисттер аллеясында ишембилик өтүүдө


Бишкектеги Журналисттер аллеясында бүгүн ишембилик уюштурулду. Ага медиа-мекемелердин өкүлдөрү, мэр Кубанычбек Кулматов, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана президенттик аппаратта иштегендер келди.

Ишембилик “Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакуновдун демилгеси менен уюштурулган. Элүүгө чамалуу киши сейил бакты тазалап, “Жашылдандыруу” ишканасы берген көчөттөрдү тигишти.

Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Журналисттер аллеясы 2010-жылы “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан ачылган. (SE)

XS
SM
MD
LG