Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Уюшкан кылмыш топтун мүчөсү көз боёмочулукка шектелип кармалды


Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелген 39 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Ал 2014-жылы Чүй облусунун жашоочусунан алдоо жолу менен 3500 доллар алып, бербей койгон. Акчанын ээсин коркутуп жүргөн.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран кылмыштуу топтун мүчөсү экени, буга чейин 9 ирет соттолгондугу маалым болду. Ага айыбы угузулуп, кылмыш ишин тергөө улантылып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG