Бүгүн , 26-апрелде Казакстанда президенттик чукул шайлоо өтүп жатат. Шайлоо участкалары Астана убактысы менен саат 7:00дө ачылды. Расмий маалымат боюнча өлкө аймагында 9741 шайлоокана иштеп жатат.
Мамлекет башчылыкка азыркы президент Нурсултан Назарбаев жана эки саясатчы - Абелгази Кусаинов менен Тургун Сыздыков ат салышууда.
Шайлоонун жүрүшүнө жергиликтүүлөр жана чет элдиктер кошулуп, 1024 байкоочу көз салып жатат.
2016-жылга белгиленген президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин Казакстан эл ассамблеясы 14-февралда көтөрүп чыккан. Буга “экономикалык саясатты бекемдөө үчүн” шайлоону эртелей өткөрүү зарылдыгы негиз катары келтирилген. Аталган Ассамблеяга Назарбаев өзү төрагалык кылат.
74 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келет. Ушуну менен ал бешинчи ирет шайлоого аттанууда. (SE)