Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Казакстанда 82 пайыздан ашуун шайлоочу добуш берип бүттү


Казакстандагы шайлоо жараяны. 26-апрель, 2015-жыл.
Казакстандагы шайлоо жараяны. 26-апрель, 2015-жыл.

Астана убактысы менен саат 16:00дө шайлоочулардын 82 пайыздан ашууну добуш берип бүткөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Добушканалар кечки саат 8де жабылат.

Бүгүн Казакстанда чукул президенттик шайлоо өтүп жатат. Добуш берүүчү жайлар эртең мененки саат 7де ачылган. Расмий маалымат боюнча өлкө аймагында жана башка мамлекеттердеги дипломатиялык корпустарда жалпысынан 9741 добушкана иштөөдө.

Мамлекет башчылыкка азыркы президент Нурсултан Назарбаев жана эки саясатчы - Абелгази Кусаинов менен Тургун Сыздыков ат салышууда.

Шайлоонун жүрүшүнө жергиликтүүлөр жана чет элдиктер кошулуп, 1024 байкоочу көз салып жатат.

2016-жылга белгиленген президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин Нурсултан Назарбаев башында турган Казакстан эл ассамблеясы 14-февралда көтөрүп чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG