Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Непалда дале жер силкинүүдө


Зилзала кесепети. 25-апрель, 2015-жыл. Непал.
Зилзала кесепети. 25-апрель, 2015-жыл. Непал.

25-апрелде Непалда болгон жер силкинүүдө өлгөн адамдардын саны 2500дөн ашканы маалымдалууда. Жарадарлар 6 миңден көп. Борбор шаар Катманду калаасында жана ага жакын аймактарда көпчүлүк турак жайлар кыйрады. Жер алгач 7, 9 баллга жетип солкулдап, андан бир саат өтпөй кайра 6, 6 баллга жетип титиреген. Куткаруу иштери уланууда.

Непал өкмөтү эл аралык коомчулукка кайрылып, жардам сурады.

АКШнын Геологиялык кызматынын билдиришинче, эртеси 26-апрелде да жер 6,7 баллга жетип чайпалды.

Зилзаладан улам Эверест тоосунда кар көчүп, 18 альпинист өлгөн.

Силкинүү Индияда да сезилип, 61 адам көз жумган. Кытай жана Бангладеште да апаат болгондор бар.

XS
SM
MD
LG