Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Ирандын тышкы иштер министри жасалма кризисти токтотууга чакырды


Жон Керри жана Мохаммад Жавад Зариф. Нью-Йорк, 27-апрель, 2015-жыл.
Жон Керри жана Мохаммад Жавад Зариф. Нью-Йорк, 27-апрель, 2015-жыл.

Мохаммад Жавад Зариф бүгүн Твиттер социалдык сайтында жазгандай, Ирандын өзөктүк программасы боюнча Тегеран менен дүйнөнүн ири алты державасы ортосунда жетишилген келишим “алдыны көздөй” кадам.

Бирок келишим биротоло бекитилип, “жаңы мейкиндиктер” ачылганга чейин али оор жумуштар бар.

Иран тышкы иштер министри буга катар ал Ирандын өзөктүк программасы боюнча “жасалма кризисти” токтотууну көздөй турганын кошумчалады.

Тегерандын башкы дипломатынын бул сөздөрү алдында АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Иран менен макулдашууга каршы чыккандардын бул маселе боюнча “истерияга” түшүүсүн айыптаган эле.

АКШ жана Иран тышкы саясий мекемелеринин башчылары өткөн аптада Нью-Йоркто кездешти. Алардын жана Британия, Франция, Кытай, Орусия, Германиянын дипломаттары жыйынтык келишимди даярдоого киришкен эле.

Ирандын өзөктүк ишмердиги тынчтык максатты гана көздөй турганын кепилдөөчү документтин негизги шарттары өткөн айда макулдашылган. Эми жыйынтык келишим 30-июнга чейин түзүлүүсү керек. (UE)

XS
SM
MD
LG