Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Луганскта Украинанын эки аскери минага жарылды


Луганск облусунун украин өкмөтү дайындаган губернатору Геннадий Москалдын билдиргенине караганда, жоокерлер түшкөн аскерий унаа жерге көмүлгөн минага кабылган.

Жарылуудан эки аскер өлүп, үчөө жараат алды. Жарылуу Лугансктын чыгышындагы Попасное районунда болду. Орусия колдогон жикчилер бул облустун түштүк бөлүгүн көзөмөлдөшөт.

Ок атышууну токтотуу боюнча быйыл февралда жетишилген келишимдин шарттары Украинанын чыгышында утур-утур бузулууда.

Былтыр жазда тутанган уруштардан бери 6100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG