Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

“Ислам мамлекети” тобу Иракта дагы бир шаарчаны басып алды


Рамадини кайра алуу үчүн даярданып жаткан шийит кошуундары. 20-май, 2015-жыл.
Рамадини кайра алуу үчүн даярданып жаткан шийит кошуундары. 20-май, 2015-жыл.

Жергиликтүү уруу башчылардын бири билдиргендей, Анбар провинциясындагы Хуссейба шаарчасы согушкерлердин колуна түндө өтүп кетти. Ал аймакты коргоп жаткан полицейлер менен кошуундар ок дарысы түгөнгөн соң чегинүүгө аргасыз болгон.

Хуссейба шаарчасы “Ислам мамлекети” радикал тобу бир аптача мурда ээлеп алган Рамади шаарынан алты чакырымдай чыгышта жайгашат.

Кечээ “Ислам мамлекети” тобу Ирактан Сирия менен чек арадагы маанилүү өткөөл бекетти, ал эми Сириядан байыркы Палмира шаарын да ээлеп алышкан болчу.

Бүгүн Иорданияда, Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып, Ирактын премьер-министринин орун басары Салих ал-Мутлак мындай деди:

- Анбардагы окуялар кайталанууга болбой турган кыйроо. Анбардын багынышын “Ислам мамлекети” тобу символ катары колдонууда. Биз Анбарды алар талкалап баштаганга чейин мүмкүн болушунча кайра тез кайтарып алышыбыз керек.

Учурда Рамадиден 20 чакырымдай чыгыш тарапта Ирактын коопсуздук күчтөрү жана шиит кошуундары шаарды кайра алуу үчүн контрчабуулга даярданууда.

Кечээ АКШ Ирактын өкмөтүнө аскерий жардам иретинде танкка каршы куралдан 1000 даананы келерки айда жөнөтөрү кабарланган. (UE)

XS
SM
MD
LG